Menu

Мойдунов Жээнбековду атайлап элге жек көрсөтүп жатабы?

Бөлүшүү:

Ош шаардык оорукананын жетекчисинин орун басары Мойдунов Данияр атайлап жаманатты кылуу максатындабы, же чындап көрсөтмө түшкөнбү, болбосо кошоматтанып «артык кылам деп, тыртык кылып» жатабы, айтор, оорукананын 14 бөлүмүнүн жетекчилеринин ар биринен президенттикке аттанган Сооронбай Жээнбеков үчүн иштей турган КСДПнын агитаторлоруна берем деп 10 миң сомдон 140 миң сом чогултуп алганын нааразы болгон врачтар кабарлашты. Даниярдын басым-кысым менен врачтарды коркутуп-үркүтүү аркылуу жасап жаткан мындай акылга сыйбаган жоругун тыйып, тизгинин тартып койчулар барбы? Антпесе, КСДПнын атын жамынып, Сорронбай Жээнбековду жаманатты кылып, элге жек көрсөтүү ишин ушундай жол аркылуу ишке ашырган жоругун токтотчу түрү жок. Дегенибиз, бул «кыраанга» чара көрбөсө Ош шаарынын эли Жээнбековдон тескери бурулат го…

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: