Menu

Мурашев неге дыргаяктайт?

Бөлүшүү:

Өңү-түсү министрге окшобогон, тулку бою криминал балдарга куюп койгондой төп келген Айыл-чарба министри Нурбек Мурашев эмне менен алектенип, кандай иш кылып жатканы дале белгисиз бойдон кала берүүдө. Негизи бул тармактагы министр азыр «жаз жарыш, күз күрөш» дегендей эгин эгилген талааларда, сугат жерлерде тердеп-кургап жүгүрүп жүрүшү кажет эле. Ал эми булчуңу чоң бул эргул муздаткыч иштеген салкын кабинеттен чыга элек. Элдин түйшүгү менен иши да жок. Кызыгы, кылган иши туурасында маектешүү максатында байланышкан журналисттерден дыргаяктап жаа бою качат экен. Анан кылган иши болбосо эмнени айтмак эле? Кыскасы, ушундай колунан да, тилинен да иш келбеген кишилерге туш болуп калдык кашайып. Мындай жоон моюн жетекчилер менен кайда барар экенбиз?

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 70 + = 80

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: