Menu

ИИМ: Сирияга жөнөгөн жаран колго түштү

Бөлүшүү:

Ички иштер министрлигинен кабарлашкандай, Чүй облусунан экстремисттик аракеттерге шектелип 1983-жылы туулган жаран кармалды. Маалыматка караганда, ал куралдуу жаңжалдарга катышуу максатында Сирия-Ирак аймагына барууга аракет кылып жүргөнү аныкталган.

Ошондой эле курал-жаракты мыйзамсыз сактаганы, экстремисттик мазмундагы материалдарды таратууга аракет жасаганы ыкчам-иликтөө иштеринде белгилүү болгон.

Жашаган жерин тинтүү учурунда эл аралык террористтик уюмдардын идеологиясын камтыган материалдар, ок-дары, курал табылган. Факт боюнча Чүй облусунун Аламүдүн милициясы кылмыш ишин козгоду. Кармалган киши убактылуу кармоочу жайга камалды. Тергөө, иликтөө иштери жүрүүдө.

УКМКнын расмий маалыматына караганда, Сирияга кеткен кыргыз жарандарынын саны 600дүн тегерегинде, алардын айрымдары мерт болгон.

Источник: «Служба новостей Центральной Азии»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 46 + = 52

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: