Menu

Пакистанда өч алуу үчүн кыз зордуктоого буйрук бергендер кармалды

Бөлүшүү:

Пакистан полициясы Мултан шаарынын четиндеги айылда кыз зордуктаган жигитти жазалоо үчүн анын өспүрүм карындашын зордуктоону буйрук берген айылдык кеңеш башчысын жана кеңештин 23 мүчөсүн кармады.

Полиция өкүлү Аллах Бакш 27-июлда билдиргендей, биринчи жабыр тарткан кыз 12де, экинчиси 16да болгон.

Полиция кыздардын туугандык жайы бар экенин билдирүүдө. Бакштын айтымында, июлдун башында 12 жаштагы кыз зордукталганы тууралуу кабар түшкөн. Андан кийин “Жирга” же айылдык кеңеш арызданган тарапка шектүүнү карындашы аркылуу жазалоого буйрук берген.

Пакистандык Dawn гезити өспүрүмдүн “жазасы” адамдар тобу жана ата-энесинин көзүнчө ишке ашырылган деп жазууда. Ошол эле учурда полиция зордуктоого шектелгендер дале эркиндикте экенин маалымдады.

Бул өлкөнүн айрым айылдарында “намыс” үчүн делип кылмышка кылмыш менен жооп берүү же элдик сот көрүнүштөрү жайылган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 35 = 41

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: