Menu

Казакстанда жарандык активисттер батыш лидерлерине кат жөнөтүштү

Бөлүшүү:

Алматыда жыйырмадан ашуун активист 29-июль күнү башкы почтадан айрым Европа өлкөлөрүнүн башчыларына, Европа биримдигине, ЕККУга жана эл аралык демократиялык уюмдарга кат жолдошту. Алар Казакстандагы адам укуктарынын бузулушуна көңүл бурууга чакырышууда.

Катта жарандык активисттер Макс Бокаев, Талгат Аян, диссидент Арон Атабек, журналисттер Жанболат Мамай, Сейтказы менен Асет Матаевдер, профессор Саят Ибраев, «Казатомпром» компаниясынын мурдагы президенти Мухтар Жакишев, укук коргоочу Вадим Курамшин, блогер Санат Досов, кесиптик кошуун лидерлери Нурбек Кушакбаев жана Амин Елеусиновду камактан бошотуп, аларга козголгон кылмыш иштерин токтотууну талап кылышууда.

Активисттер Алматынын борборунда орун алган Желтоксан эстелигине барышып, гүл коюшту. Андан соң Башкы почтага чейин жөө жүрүш жасашып, ал жерде батыш лидерлерине кат жөнөтүштү.

Полиция эч кимди кармаган жок.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 45 + = 53

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: