Menu

Жабырлануучу Эмилбек Каптагаев: “Садыр Жапаровдун күнөөсү далилденген жок”

Бөлүшүү:

28-июлда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Жогорку Кеңештин экс-депутаты Садыр Жапаровдун иши боюнча соттук отурум кайра улантылды.

Мурунку отурумда сот тараптардын жарыш сөзүнө өткөн. Прокурор Бакыт Доктурбеков айыпталуучу Садыр Жапаровду 2013-жылы Ысык-Көл облусунун губернатору Эмилбек Каптагаевди митингичилер тарабынан барымтага алууну уюштурган деген айып менен 15 жылга эркинен ажыратууну суранган.

Бул отурумдун жүрүшүндө жабырлануучу катары каралып жаткан Эмилбек Каптагаев билдирүү менен сотко кайрылды. Анын ою боюнча Садыр Жапаровдун күнөөсү далилденген жок.

“Мен үчүн, жабырлануучу катары, толук картина жок. Сотто далилдөөчү база болуш керек болчу. Бирок Садыр Жапаровдун күнөөсү далилденген жок. Мен Садыр Жапаровду актайын деген ойдон алысмын. Бирок  мени барымтага алууну Садыр Жапаров уюштургандыгы боюнча бир да түз далил жок болуп жатат. Мен ишти кайрадан изилдеп чыгып, анан гана сотто караш керек деп ойлойм”, – деди жабырлануучу деп таанылган Эмилбек Каптагаев.

Жарыш сөзгө Жапаровдун адвокаты Шарабидин Токтосунов чыгып, бир нече далилдерди келтирип, соттон аны күнөөсүз деп таап, коё берүүсүн өтүндү.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 51 + = 54

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: