Menu

Отунбаева менен Бекназаров мародерлук боюнча жакында камалабы?

Бөлүшүү:

Калайыкка маалым болгондой 2010-жылдагы революциядан кийин аттуу-баштуу саясатчылардын бир нечеси мародерлукка аралашканы боюнча сөздөр айтылып, бир нече ирет кылмыш иштери козголуп, бирок аягына чыкпай келген эле. Былтыр өлкө башчысы эгемендүүлүк майрамын белгилеген учурда кыңыр иштер кайра казылаарын чыгарын кыйытып, унутулуп бараткан маселе кайра жанданарын ачыкка чыгарган. Быйыл шектүүнүн бири экс-депутат Р.Төлөгөнов камалса, экинчиси Маммүлк фондунун экс-төрагасы Ш.Абдылдаевге издөө жарыяланып, учурда тергөө иштери уланууда. Эми мародерлук боюнча Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү А.Бекназаров менен Р.Отунбаевага укурук ыргытылганы турат. Дегенибиз 24-июлда Президент: «2010-жылы 7-апрелден кийин Азимбек Бекназаров менен Роза Отунбаева даярдаган Бакиевдин мүлктөрүн улутташтыруу боюнча декретке эмне үчүн «Мегакомдун» 51%ы кирбей калганын мен эң сонун билем. Ошондуктан бир гана Текебаев эмес, Убактылуу өкмөттүн башка мүчөлөрү да өз былыктарына жооп бериши керек» деди. Эске сала кетсек, жакында өлкө башчысы «Прокуратуранын айрым ыйгарым укуктары жөнүндө» конституциялык мыйзамга кол коюп, өлкөнүн мурдагы президентине карата кылмыш ишин козгоо укугун берген.

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 87 + = 89

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: