Menu

Фото – «Кыргызстандын сулуусу-2014» наамынын ээси Айкөл Аликжанова турмушка чыкты

Бөлүшүү:

«Кыргызстандын сулуусу-2014», «Интернет сулуусу 2012» наамдарынын ээси Айкөл Аликжанова турмушка чыкты. Анын үлпөт тоюндагы сүрөттөр 29-июлда социалдык баракчаларга жарыяланды.
Айкөл Аликжанова «Дүйнө сулуусу-2014» эл аралык сынагында Кыргызстандын атын алып чыккан модель жана актриса катары таанымал. Ал бир жыл мурун акыркы тасмага тартылганын билдирип, хиджаб кийүү чечимин кабыл алганын жарыялаган.


Учурда А.Аликжанова мусулман кыз-келиндер үчүн ылайыкталган кийимдерди, көйнөктөрдү даярдап, кайрымдуулук жана коммерциялык багыттагы долбоорлор менен алектенүүдө.
Айкөл хиджаб кийгени тууралуу социалдык түйүндөгү баракчасына: «Менин баракчама жазылгандардын хиджаб жөнүндө суроолоруна жооп берем: ооба, мен жамындым, жана бул терең ойлонулган тандоо. Мен ага ыраазымын жана бактылуумун. Силерге да “элдин алдында” дегенди эмес, Жараткандын ыраазычылыгы жөнүндө ойлонууга кеңеш берем. Ооба, мен кыргыз болуп төрөлгөм жана менин дин тутуум буга эч кандай тиешеси жок. Келгиле, бири бирибизге күйүмдүү болуп, урматтаганды үйрөнөлү. Баарыңарга тынчтык жана ынтымак!», – деп жазган.

Булак: Турмуш

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: