Тегеран Кытай-Кыргызстан-Тажикстан-Ооганстан-Иран темир жол долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемеси үчүн убадалаган 1 миллион долларды толук бөлүп бере элек. Бул тууралуу Тажикстандын транспорт министри Худоёр Худоёров бүгүн маалымат жыйында билдирди.
Министр келишимге кол коюлган 7 жылдан бери Иран болгону 200 миң доллар гана бергенин кошумчалады. «Ошондуктан долбоор туңгуюкка кептелди. Учурда аны алдыга жылдыруу боюнча эч кандай пландар байкалган жок», – деди Худоер Худоеров.
Министрдин орун басары Шерали Ганжалзода «эгер маселе жогорку деңгээлде чечилбесе, долбоор ишке ашырылбай калышы мүмкүндүгүн» айтты. «Себеп – Иран менен Кытай бир пикирге келе алышкан жок», – деди ал.
Кытай-Кыргызстан-Тажикстан-Ооганстан-Иран темир жолунун узундугу дээрлик 2 миң чакырымды түзүп, анын 580 чакырымы Тажикстандын аймагы аркылуу өтөрү болжолдонгон. Адистердин баамында, жолдун Тажикстан аркылуу өткөн ар бир чакырымы үчүн 8-10 миллион доллар талап кылынып, анын жалпы суммасы 3,2 миллиард долларга жетет.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ