Өткөн жумада «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев менен Өмүрбек Бабанов бириксе шайлоодо жеңмек деген өңдүү саясий аналитиктердин божомолдору бийликти катуу сестентип койду көрүнөт. Дегенибиз, КСДПдан президентке аттанган премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Төрөбаевди өз жээгине тартуу амалын көрүп, сүйлөшүү жүргүзүү үчүн киши салып жатканын эшиттик. Түштүктүн кадырлуу адамдары Бакыт мырзага келишип, Жээнбеков менен жакынкы күндөрү жолугуштуруу уюштуруп, сүйлөштүрөлү деген ойлорун билдиришкен. Ырасында, Бакыт Төрөбаевдин чоң күч экенин сезип жатышат да. Эгер Жээнбеков менен Төрөбаев жолугушса, ким-кимди ынандырып, кимиси ийге келээр экен?.. Же жолдору бирикпей тескери кетишеби?
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ