Menu

Сот “Алтуха” деген каймана аты бар криминал авторитетти актап, эркиндикке коё берди

Бөлүшүү:

Кечээ, 31-июлда Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясы Дөөлөтбек Турдукожоев криминалдык чөйрөдө “Алтуха” деген ат менен кеңири белгилүү Алтынбек Ибраимов деген жарандын кылмыш ишин карап өкүм чыгарды.

2013-жылдын жайында жогоруда аталган кылмышка шектүү башка УКТнын мүчөлөрү менен борбордун бир тургунун “БМВ” үлгүсүндөгү автоунаага  салып, Аламедин районундагы тоолордун арасына алып барышып, физикалык күч колдонушуп, 80 000 АКШ долларын талап кылышкан. Андан кийин кылышкерлер жабырланган адамдын кыймылсыз мүлкүн – үйүн ээлеп алышкан.

2015-жылдын 16-апрелинде укук коргоо органдары тарабынан кылмышкер Алтынбек Ибраимов кармалып, чөнтөгүнөн 7 гр. гашиш алынган.

Судья айыпталуучуга карата сот чечимин окуп, ал айыпталып жаткан опузалап акча талап кылуу эпизоду далилденген жок жана уруп-сабоо фактысы такталган жок деп айыптардын бул бөлүгү боюнча аны актады.

Ал эми аны кармаган учурда жанында 7 гр. гашиш болгондугу үчүн 4 жылга эркинен ажыратылсын деп чечим чыгарып, бирок иликтөө убагындагы анын түрмөдө өткөргөн күндөрүн эсептеп сот залынан бошотуп жиберди.

Милициянын маалыматына ылайык, 1979-жылы туулган, мурда жети жолу соттолгон А. Ибраимов уюшулган кылмыштуу топтордун биринин мүчөсү жана криминалдык “смотрящий” деген статусу бар. Криминалдык чөйрөдө “Алтуха” деген каймана ат менен белгилүү.

Мындан бир нече күн мурун Ош шаарында да абакта олтурган “Дженго” каймана аты бар криминалдык авторитет Кадырбек Досонов сот тарабынан акталган.

Бул фактыларды коомчулук бийликтин шайлоого карата даярдыгы катары кабылдоодо жана социалдык тармактарда кызуу талкууларды жаратты.

Булак: Кyrgyztoday.kg

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 86 + = 88

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: