Евразия экономикалык биримдигинин Кыргызстанга карата эки аптадан кийин күчүнө кире турган техникалык регламенттеринин басымдуу бөлүгү тамак-аш өнөр жайына тиешелүү. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте өткөн маалымат жыйында Экономика министрлигинин техникалык жөнгө салуу жана метрология башкармалыгынын башчысы Султан Ахматов билдирди. Ахматовдун белгилешинче, соңку жарым жылда ЕАЭБ базарына чыгуу укугун алган кыргызстандык экспортерлордун саны 19дан 28ге өстү. Учурда дары 7-8 ишкананын арызы каралып жатат. Орусия менен Беларус негиздеген Бажы биримдиги кийин кеңейип, ЕАЭБ болуп кайра түзүлгөн. Бүгүнкү күндө ага Армения, Казакстан, Кыргызстан да мүчө. Бул беш өлкөнүн ичинде бажы көзөмөлү жок. Кыргызстан ЕАЭБге кошулганына быйыл эки жыл болду.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ