Menu

Ала-Бука районунда өзгөчө кырдаалдарды алдын-алуу иштери жүргүзүлүүдө

Бөлүшүү:

КР ӨКМнин 2017-жылга карата түзүлгөн “Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу” иш планы боюнча Ала-Бука районунун 1-Май айыл аймагынын Ажек айылындагы Эшме-Сай сел сайынын эң кооптуу участкасын механикалык жол менен сүрүп бекемдөө жумуштары жүргүзүлүүдө. Бул туурасында КР ӨКМнин басма сөз кызматы билдирет.

Ала-Бука районунун 1-Май айыл аймагынын Ажек айылындагы 55 турак жайга жана автоунаа жолдоруна сел суулары каптап кетүү коркунучу жаралып жаткан узундугу 2000 метр сел сайдын нугун түздөп сүрүп, жээктерин бекемдөө жумуштары үчүн КР ӨКМги тарабынан 1 даана бульдозер техникасы (күйүүчү майы менен) бөлүнүп берилип, жергиликтүү айыл аймак тарабынан 1 бирдик экскаватор, 1 бирдик булдозер техникалары жумушка тартылып, өзгөчө кырдаалдар үчүн каралган бюджеттин эсебинен 25 000 сом акча каражаты бөлүнүп, бүгүнкү күнгө Эшме-Сай сел сайдын жээктерин сүрүп бекемдөө жумуштары аткарылып жатат. 

КР ӨКМги жана жергиликтүү аткаруу бийлигинин биргеликте аткарган жумуштарынын натыйжасында Ажек айылындагы 55 турак жай жана ички чарбалык автоунаа жолдору корголот. 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 82 + = 85

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: