Menu

Фото – Кыргызстандын мыкты экспортёрлору Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдон сыйлыктарды алышты

Бөлүшүү:

Сооронбай Жээнбеков кечээ, 31-июлда, ата-мекендик товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү экспорттоону илгерилетүүгө активдүү көмөк көрсөткөндүгү жана улуттук экономиканын өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн бир канча экспортёрлорду – мекемелерди өкмөттүк сыйлыктар менен сыйлады. Бул туурасында Өкмөттүн расмий сайты жарыялады.

Ошондой эле экспорттук инфраструктуранын жакшырышына катышкан мамлекеттик органдардын жана уюмдардын өкүлдөрү да сыйланды. Алардын арасында ветеринардык жана фитосанитардык лабораторияларды, мамлекеттик чек арада жайгашкан көзөмөл-өткөрмө пункттарды куруп, модернизациялоо менен алектенгендер да бар.

“2017-жылдын январь-май айларынын аралыгында Кыргызстандын экспортунун көлөмү 657,8 млн. АКШ долларын түзүп, 30 пайызга өскөн. ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттун көлөмү 224,8 млн. АКШ доллар болуп, 29,3 пайыз өсүү байкалган. Үчүнчү өлкөлөргө болсо экспорт 432,9 млн. АКШ долларды түзүп, 30,3 пайызга жогорулаган. Дүйнө экономикасындагы терс көрүнүштөргө жана ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү экономикалык көрсөткүчтөрдүн темпинин төмөндөөсүнө карабастан биз ийгиликтүү жетишкендиктерге жетише алдык”, – деп Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков деп белгиледи.

Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков маалымдагандай, экспорттук потенциалды өнүктүрүү үчүн тийиштүү инфраструктура түзүлүп, жаңы заманбап лабораториялар салынып, мурда иштеп келген лабораториялардын жабдыктары жаңыланып, чек арадагы көзөмөл-өткөрмө пункттары модернизацияланган.

“Бир жыл мурун биздин ата-мекендик ишкерлер башка өлкөлөргө өз продукцияларын экспорттоодо бир топ кыйынчылыктарга туш болуп келишкен. Бүгүн мындай көйгөй жок. Биздин дыйкандар эч кандай тоскоолдуксуз өз продукцияларын ЕАЭБ жана Европа Союзунун базарларына ташый алышат. “Кыргызстанда жасалды” деген бренд акырындык менен ири базарларды багындырууда. Ошол эле маалда сырткы рынокто биздин ата-мекендик ишканалар атаандаштыкка туруштук берүү үчүн ар дайым жаңы технологияларды колдонуп, жаңылыктарды киргизип, өндүрүштүк чыгымдарды азайтып, чыгарылган продукциялардын ассортименттерин кеңейтүү менен сапатын жогорулатуу зарыл. Ал эми Кыргыз Республикасынын Өкмөтү сиздерге ар дайым колдоо көрсөтүүгө даяр. Биз диалогго жана кызматташтыкка ачыкпыз”, – деп Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков билдирди.

Өкмөт башчы маалымдагандай, 2017-жылдын 1-сентябрынан тартып “Экспортко багытталган ишканаларды жана импортту алмаштыруучуларды каржылоо – 1” долбоору ишке ашат. Ага ылайык экспортко багытталган мекемелер жалпы суммасы 3,5 млрд. сомго жакын каражатты жеңилдетилген насыя катарында алса болот.

Аталган долбоордун алкагында биринчи жолу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ата-мекендик экспортёрлорго жана импортту алмаштырган продукцияларды өндүргөндөргө бюджеттик колдоо болот. Бул чечим бир эле жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн атаандаштыгын жогорулатпастан келечекте республиканын экспорттук потенциалын өстүрүүгө, ички рынокко жана экспортко чыккан продукциялардын көлөмүн жана сапатын жогорулатууга түрткү болот.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен:

– Адыл Есеналиев – «Эталон Вин Атайынкурулуш» ЖЧК башкы директору;

– Кадырбек Жакыпов – «Ак-Таш» АК директорунун орун басары;

– Кулуйпа Жузумалиева – «Ак-Жалга» ЖАК жетекчиси;

– Бактыбек Исиралиев – «Шоро» ЖАК башкы директору;

– Казим Каракетов – «Даря Тянь-Шаня» ЖЧК башкы директору;

– Эмир Парпиев – «Талас Куту – БМК» ассоциациясынын жетекчиси;

– Топчубек Рысбаев – «Ренесанс» ЖЧК директору;

– Абдыгафар Халбеков – «Исхак Разаков» ЖЧК башкы директору;

– Юлдаш Чодуев – «Ак-Текс» ЖЧК директору;

– Музеин Эрджепов – «Майлуу-Суу лампа заводу» ЖЧК башкы директору;

– «Легпром» Кыргыз Республикасынын жеңил өнөр жай ишканаларынын ассоциациясы;

– «Молочный союз» жумуш берүүчүлөр бирикмесинин ассоциациясы;

– «Куликовский соода үйү» ЖЧК;

– «Одно село один – продукт» ассоциациясы сыйланды.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан алкыш алгандар:

– Кайрату Абдуллаеву – «Үмүт и Ко» ЖЧК жетекчиси;

– Надежда Ворошилова – «Шоро» ЖАК башкы инженери;

– Кубаныч Жекшеналиев – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын “Токмок – автожол” көзөмөл-өткөрмө пунктунун контролёру;

– Арстанбек Ишенбаев – «Агропродукт Азия» ЖЧК башкы директору;

– Ахтям Кашвеев – «ОСКО» ЖЧК башкы директору;

– Уран Ниязалиев – «Дан Агро Продукт» ЖЧК башкы директору;

– Руслан Шерматов – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын “Токмок – автожол” көзөмөл-өткөрмө пунктунун материалдык-техникалык камсыздоо боюнча техник.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 39 − = 34

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: