Күйөөсү Орусияда башка аял менен жашап алган деген кепти угуп, үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан Сирена Алтынбекованын сөөгү табылды. Жалал-Абад ОИИБдин билдирген маалыматына ылайык, 29-июль күнү Ноокен районунун Бүргөндү айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Кыя айылындагы дарыядан аял кишинин сөөгү табылган.
“Дарыяда аялдын сөөгү жатканын балыкчылар көрүп калып, Ноокен райондук ички иштер башкармалыгына байланышкан. Буга чейин Майлуу-Суу шаарындагы үйүнөн чыгып кетип дайынсыз болуп жаткан 21 жаштагы келин изделип жаткан. Маркумду таанып-билүү кыйын болгондуктан Сиренанын апасы чакыртылган. Ал кызын тиштеринен жана ич кийимдеринен тааныды”, – деп айтылат маалыматта.
Буга чейин милицияга Сирена Алтынбекованын атасы Алтынбек Орозов кайрылып, кызы 24-июнь күнү үйүнөн чыгып кеткендигин билдирген. Ал кызы мурда турмушка чыгып ажырашып кеткенин айткан. Анын билдиришинче, кызы күйөөсү Орусияда башка бирөө менен жашап жатканын угуп, аны издөө үчүн чыгып кеткен.
“Кызым мурда психикалык жактан ооруган. Үйдөн чыгып кетээр алдында да оорусу козголуп жүргөн. Кызым күйөөсүн аябай жакшы көрчү, Орусияда башка менен жашап алды деп угуп ошондон да оорусу козголду окшойт. Акыркы жолу аны жолдо унаа тозуп турган жеринен көрүшкөн. Ошол боюнча дайыны жок”, -деген атасы.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ