Menu

ИИМдин жетекчилиги «Семиречья Казактарынын Бирикмесинин» өкүлдөрүн сыйлады

Бөлүшүү:

2017-жылдын 31-июлунда Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинде министрдин орун басары, милициянын генерал-майору Курсан Асанов Семиречья Казактарынын Бирикмесинин башчыларын Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри Улан Исраиловдун атынан куттуктады. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер мининстри Улан Исраиловдун буйругу менен төмөнкүлөр сыйланды:

-ИИМдин “Шериктеш” медалы менен Эл аралык казак борборунун баңгизаттар менен күрөшүү жана мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы Орто Азия аймактык атаманы, казактардын полковниги Димченко Михаил Сергеевич сыйланды;

-ИИМдин “Ардак” медалы менен Эл аралык казак борборунун баңгизаттар менен күрөшүү жана мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы Орто Азия аймактык атаманынын орун басары, казактардын полковниги Багутин Михаил Михайлович сыйланды;

-ИИМдин “Кыргыз милициясына 90 жыл” юбилейлик медалы менен Семиречья Казактарынын Бирикмесинин аскердик атаманы, казактардын полковниги Зуев Александр Михайлович;
“Казактардын ыйык Георгии” коомунун аймактык атаманы, подьесаул Киселев Владимир Александрович;

“Казактардын ыйык Георгии” коомунун айыл атаманы, жүз башы Писанных Андрей Владимировичтер сыйланышты:.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары милициянын генерал-майору Курсан Асанов Семиречья Казактарынын Бирикмесинин башчыларын коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоого активдүү катышып жаткандары үчүн ыраазычылык билдирди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: