Menu

Казакстандагы эл аралык сынакта байгелүү орун алган жол кыймылынын жаш инспекторлорун Нарын ОИИБдин башчысы кабыл алды

Бөлүшүү:

31-июль күнү Нарын ОИИБнын башчысы милициянын полковниги Нурлан Сарчаев Усть-Каменногорск шаарында (Казакстан) өткөн XVII эл аралык сынакта байгелүү 3-орун алган жол кыймылынын жаш инспекторлорун кабыл алды. Бул туурасында Нарын ОИИБнын Басма сөз кызматы маалымдайт.

Нарын ОИИБнын башчысы Нурлан Асанбекович 31-июль күнү М.Сыдыков атындагы №7 орто мектебинин окуучулары менен жолугушту. Ал команданы жеңиши менен куттуктады.
М.Сыдыков атындагы №7 орто мектептин директору, мугалимдери облустук ички иштер башкармалыгынын сыйлыктары менен сыйланды. Команданын бардык катышуучулары ИИБнын башчысынын атынан ыраазычылык каттары жана баалуу белектер менен сыйланышты.

Иш-чара аяктагандан кийин ИИБнын башчысы балдарга окуудагы ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалоо менен бирге мугалимдерге, окуучуларга ыраазычылык билдирди.
«Жыл сайын милиция билим берүү мекемелери менен болгон кызматташтыгынын мааниси өсүүдө, бул балдардын жол-транспорттук жаракаттанууну алдын алуу үчүн зарыл. Жол кыймылынын жаш инспекторлору өзүнүн жетишкендиги менен жол кыймылынын коопсуздугун пропагандалайт жана алар дагы жол кырсыгын алдын алууга өз салымдарын кошуп жатышат», – деп белгиледи Нарын облусунун ИИБнын башчысы Нурлан Сарчаев.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 10 + = 18

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: