Menu

«Ички жер которуу» жана «Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу үчүн жарандарды жекече эсепке алуу» мыйзамдарына өзгөртүүлөр киргизилди

Бөлүшүү:

Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө» жана «Ички жер которуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын  Мыйзамына кол койду. Бул туурасында Президенттин Аппаратынын расмий сайты жарыялады.

Мыйзам  Жогорку Кеңеш тарабынан 2017-жылдын 29-июнунда,    жеке идентификациялык номерди обьективдүү себептер пайда болгон учурда өзгөртүүгө укук берүүчү өзгөчө учурларды тактоо максатында  кабыл алынган.

Мыйзамда «Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө» жана «Ички жер которуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөр киргизилет.

«Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө» мыйзамда:

-7-статьянын 6 бөлүгүнө ылайык, социалдык жактан коргоонун жаңы күбөлүгүн берүү ушул Мыйзамдын 71-статьясында, ошондой эле күбөлөрдүн, жабырлануучулардын жана жазык сот өндүрүшүнүн башка катышуучуларынын укуктарын коргоо жөнүндө мыйзамдарда каралган учурларды кошпогондо, жеке идентификациялык номерин өзгөртпөстөн жүргүзүлөт.

71-статьяда  жеке идентификациялык номерди өзгөртүү каралган. Ага ылайык, ыйгарылган жеке идентификациялык номер төмөнкүдөй учурларда өзгөртүлөт:

– жарандык абалдын актылары чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген учурларда туулган күнүн өзгөрткөндө;

– эки жана андан көп жарандын  жеке идентификациялык номерлери бирдей болуп калганда;

– ыйгарылган жеке идентификациялык номеринде жынысы жана туулган датасы ката көрсөтүлгөндө.

Мыйзамда «Ички жер которуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына “жеке идентификациялык номер” түшүнүгү киргизилип, «Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө» мыйзамга  киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык келтирилет.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып  он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө өз чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирип, бул Мыйзамдан келип чыгуучу башка чараларды көрүү милдети тапшырылды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 59 − = 56

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: