Menu

Вице-премьер-министр Олег Панкратов: Ишкерлер өндүргөн азыктарын экспорттоо үчүн керектүү документтерди алууга бардык шарттар бар

Бөлүшүү:

«Ишкерлер өндүргөн азыктарын экспорттоо үчүн керектүү документтерди алууга бардык шарттар бар. Коопсуздук процедураларына байланышкан техникалык регламенттин талаптары — бизнестеги жоопкерчиликтүү аймак, мамлекеттин милдети бардык нормативдик укуктук базаларды даярдап, коопсуз азыктарды рынокко алып чыгуу үчүн бардык шарттарды түзүп берүү», — бул тууралуу Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Олег Панкратов бүгүн, 1-августта, «2017-жылдын 12-августунда ишке кире турган БС/ЕАЭБ техникалык регламенттери тууралуу» маалымат жыйынында билдирди. Мындай маалыматты Өкмөттүн расмий сайты жарыялады.

Вице-премьер-министр Олег Панкратов маалымдагандай, азыркы тапта Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттерине кирүү боюнча этабы менен иштер жүргүзүлүүдө. ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспортко иштей турган ишканалар аталган союздун техрегламенттерине ылайыкташуусу керек.

«18 техникалык регламенттин ишке кириши үч этап менен жүргүзүлөт. Тактап айтканда мыйзамдуулук базасын даярдоо, инфраструктураларды даярдоо жана бизнес чөйрө менен калкты бул багытта маалымат менен камсыз кылуу. Ата мекендик техникалык регламенттен коопсуздугу тууралуу тастыктоодон өткөн продукция өлкө аймагында эки жыл аралыгында мөөнөтү бүткөнгө чейин сатылат. Мурда чыгарылбаган жаңы продукциялардын түрү чыккан учурда, ишкер БС/ЕАЭБ талаптарына шайкеш келген тастыктама жокументин алышы керек», — деди ал.

Вице-премьер-министр Олег Панкратов ошондой эле бүгүнкү күндө республиканын аймагында ЕАЭБ бирдиктүү реестрине кирген 33 текшерүүдөн өткөрүүчү лаборатория, 11 сертификация боюнча орган бар экенин кошумчалады.

«Ветеринардык лабораторияларды куруу жана модернизациялоого мамлекеттик бюджеттен 27 млн 600 миң сом, фито санитардык лаборатория үчүн 26 млн 500 миң сом бөлүндү. Өзгөчө белгилей кетүүчү нерсе, жарандардын саламаттыгына зыян келе турган азыктарды чыгарган ишкерлер үчүн өзгөчө катуу чаралар көрүлөт. Текшерилбеген азыктар рыноктон алынат. Бизнес техникалык регламенттер калктын саламаттыгы үчүн киргизилип жатканын түшүнүшү керек. Техникалык регламент — бул керектөөчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылган жалгыз эл аралык мааниде таанылган механизм», — деди вице-премьер-министр Олег Панкратов.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 53 + = 62

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: