Menu

Сооронбай Жээнбеков саясий товарга айланабы?

Бөлүшүү:

Кыргызстандагы шайлоодо административдик ресурс дайыма күчтүү куралдардын бири болуп, бийликтин партиясына иштеп келгени эч кимге жашыруун эмес. Бирок мезгилдер алмашып, убакыт өткөндө мурунку ыкмалар эскире баштагандай.

Дегенибиз көпчүлүк эксперттер жана саясатчылар үстүбүздөгү жылдагы президенттик шайлоо учурунда административдик ресурстун таасири мурункудай күчтүү болбойт деп санашат. Алардын  пикиринде бул эки маанилүү фактор менен байланыштуу:

Биринчи фактор. Башыбыздан кечирген 2 төңкөрүш бекеринен болгон жок, азбы-көппү элдин аң-сезими өзгөрүп, өлкөдө болуп жаткан окуяларга көңүл кош карабай калды. Азыр бийликте отуруп алып баарын куурчак кылып башкарып, элди коркутуп-үркүтүп шайлоонун жыйынтыктарын бурмалоого мүмкүн эмес. Себеби көз боёмочулук орун алса элдин кыжыры келип, дароо нааразычылык билдирип чыгары турган иш.

Экинчи фактор дагы өзгөчө маанилүү. Ал учурда бийликтин тизгинин алып жүргөн КСДП партиясына тиешелүү. Сыртынан сыр билгизбегенге канчалык аракет кылышканы менен партия ичиндеги ынтымак ыдырап бара жатат. КСДП съезд өткөрүп, президенттикке талапкер чыгарганы менен төрага Чыныбай Турсунбеков эркин учкан куш болом деп саясий кеңештин чечимин колдобой президенттикке талапкерлигин өзүн-өзү көрсөткөн. Агымга каршы сүзөм деген ал  Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин тоготпой, натыйжада партия ичинде топ-топко бөлүнүү болуп жаткан. Ырктын кеткенин КСДПнын жаштарынын нааразычылыктарынан улам билсек деле болот. Партиянын жаштар канатынан Р. Самудинов партия ичинде тетири саясат жүрүп жатканын айтып, керек болсо өз талапкерлерин алып чыгышарын дагы жар салган. “Келечек жаштардын  колунда, жаштарды колдойлу” деп эл алдында күпүлдөп коюшканы менен ичтеринде бир казанда кайнай албай жаткан КСДП Самудиновду жаштар канатыбызда эмес деп суудан кургак чыгуу аракетин көрдү.

Баса, Чыныбай Турсунбеков алды-артын карабай, өз алдынча иш кыла турган адамдардан эмес. Демек, бул ажо менен алдын ала кандайдыр бир сүйлөшүүлөр болуп, бийлик даярдаган атайын долбоор деп айтып келишкен саясатчылар. Кээ бир серепчилер болсо Турсунбеков жылуу сөзгө  ишенип төш кага ажолукка ат салышмай болгонун айтышып, бирок алгач “сени колдойбуз  дегендер кайра далысын салып кетет” дешкени чын чыгып, суу жүрөк Чыныбай Турсунбеков шайлоодон баш тартты. Ар кимдин айтканынан чыга албаган төрага бул жолу дагы Атамбаевден толук көз каранды экенин көрсөтүп, шайлоого жалгыз аттанууга эрки жетпеди.

КСДП ичинде праймериз жүргүзүлбөгөнү дал ушундан улам билинүүдө. Партиядагылардын айтымында, сурамжылоолор, рейтингдер жүргүзүлгөн имиш, бирок бул праймериз эмес экенин алар эстеринен чыгарып койгондой. Себеби талапкерди тандоодо ачык процедура партияда эзели болгон эмес. Муну бүгүн маалымат жыйынында ЖКнын төрагасы Чыныбай Турсунбеков да ачыктады.

Учурда КСДПда болуп жаткан оош-кыйыштар албетте чоң көйгөй эмес. Себеби мындай бөлүнүп-жарылуунун натыйжасында бир кишинин гана таасиринен арылып, партиялык  демократиянын түзүлүшүнө жол ачылат.

Ал эми административдик ресурс тууралуу айта турган болсок, КСДПнын ичиндеги оюнчулардын ар бири өз көмөчүнө күл тартып, админресурс таландыга калышы ыктымал.

Партия ичиндеги көйгөлөргө Президент Алмазбек Атамбаев берген маалымат жыйыны кошул- ташыл болду. Жада калса Сооронбай Жээнбеков дагы ишенимдүү талапкер эмеспи деген күмөн  ойлор жаралды. Буга Атамбаевдин: “Жээнбеков болбосо, Бабановду колдойт болчумун” деген сөзү  себеп болду. Бул билдирүү административдик ресурс КСДПга гана иштебестен башка, ажого жаккан “сүймөнчүктөргө” дагы бөлүнүп кетеби деген ойго жем таштады.

КСДПнын ичинде кандай ойлор жана кыялдар бар экенин жараткан эле билбесе, шайлоо эмне менен бүтөөрүн айтыш кыйын болуп калды, өзгөчө Жээнбековдун тагдыры өтө кызык, анткени ал саясий соодалашуудагы негезги товар болуп калышы толук ыктымал.

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 50 − 49 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: