Menu

ИИМдин коллегиясында 2017-жылдын биринчи жарым жылдыгынын ыкчам кызматынын ишмердүүлүгү талкууланды

Бөлүшүү:

Кечээ, 1-августта ички иштер органдарынын 2017-жылдын биринчи жарым жылдыгы боюнча коллегиясы болду. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.

Жыйынга Ички иштер министри Улан Исраилов, министрдин орун басарлары, башкы башкармалыктардын жетекчилери, борбордук аппараттын кызматкерлери, облустук, шаардык ички иштер башкармалыктардын жетекчилери катышты. Жыйындын негизги темасы быйылкы жылдын биринчи жарым жылдыгында ички иштер органдарынын оперативдик кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары каралды.

Жыйында 2017-жылдын биринчи жарым жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жана анын курамына кирген башкармалыктарынын уюштуруучулук жана ыкчам иш-аракеттердин жыйынтыктары айтылды. Иштин ар түрдүү багыттары боюнча мамлекеттик программаларды жана стратегиялык документтерди тийиштүү деңгээлде аткаруу үчүн ички иштер органдарына туруктуу милдеттер жүктөлдү. Аларды ишке ашырууда бардык маселелерди чечүүдөгү учурдагы артыкчылыктардын багыттары каралды.

Коллегиянын жүрүшүндө ички иштер органдарына катталган ар бир кылмыш маалыматы түшкөндө ыкчам-аракеттенүү болгондугу баса белгиленди. ИИМдин маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгынын маалыматына таянсак Кыргыз Республикасынын ИИМдин 2017-жылдын биринчи жарым жылдыгында 12908 кылмыш иши катталып, 12209 кылмыш иши козголгон жана өткөн жылдар менен 2017-жылдарды кошо эсептегенде 11462 кылмыштын бети ачылып, пайыздык өлчөм менен 79,2% түзөт. Ички иштер органдарынын тергөө бөлүмдөрү тарабынан 9959 кылмыш иши иликтенип сотко жөнөтүлгөн.

Диний экстремизмге каршы турууга, өлкө ичинде жасалган кылмыштардын бетин ачууда, иликтөөдө, аныктоодо, өздүк курамдын тартибин бекемдөө менен мыйзамдуулукту сактоого өзгөчө маани берилди. Кыргыз Республикасынын ИИОнын кызматкерлери жаш өспүрүмдөр арасында кылмыш ишин болтурбоого аракет кылуу максатында коомдук-социалдык атайын иш-чаралар өткөрүлүп, атайын тарбиялык маанидеги жолугушуулар болуп, өспүрүмдөр арасында тартип маселесин чечүүгө аракет кылуу менен түнкү маалда көзөмөлдөө уюштурулууда.

Ошол эле мезгилде ИИМдин бардык бөлүктөрүнүн өздүк курамы тарабынан коомдук-саясий иш-чараларды өткөрүүдө коомдук тартип менен коопсуздук көзөмөлдөнүп турду.

Өз кезегинде ички иштер министри Улан Исраилов ИИМдин башкы тергөө башкармалыгы тарабынан аткарылып жаткан иш-чараларды кубаттоо менен бирге алар тараптан аткарылган бардык кылмыштарды иликтөө, бетин ачуу, облустук жана шаардык башкармалыктар тарабынан кетирилген кемчиликтерди өз убагында четтетүүдөгү жана тергөө процессиндеги жетишилген багыттарга жакшы баасын берди.

ИИМдин коллегиясынын чечими менен баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүдө төмөнкү көрсөткүчтөрү үчүн Ош облустук ИИБнын, Ош шаардык ИИБнын башчылары, Баткен облусунун ИИБнын башчысынын орун басары тартиптик жаза алышты.

Ошондой эле бүгүнкү күндө жаш өспүрүмдөрдүн арасында кылмыштуулукту алдын алуу маселеси менен иштөө ички иштер органдарынын бардык кызматтары тарабынан колго алынган. Бирок ошого карабастан бул багытта алгылыктуу көрсөткүчтөргө жетише албаган жана кемчиликтерге жол берген Бишкек шаардык ИИББнын, Чүй облустук ИИББнын башчылары, Ош облустук ИИБнын, Ош шаардык ИИБнын, Баткен облустук ИИБнын, Жалал-Абад облустук ИИБнын башчыларынын орун басарлары дагы тартиптик жазага кириптер болушту.

Андан сырткары, ички иштер министри Улан Исраилов ИИМдин ар бир башкармалыктарынын башчыларына жарандардын, коомчулуктун коопсуздугун камсыздоодо, көчөлөрдө жана коомдук жайларда кылмыштуулукту болтурбоого, өткөн жылдагы кылмыш иштерин ачууга, калыс жана мыйзам чегинде иликтөөгө, мал уруулук менен күрөшүү үчүн ыкчам-иликтөө иш- чараларын жогорку деңгээлде жүргүзүүгө тапшырма берди.

Айрыкча жаш өспүрүмдөрдүн арасындагы кылмыштуулукту алдын –алуу боюнча укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу керек экендигин баса белгиледи. Андан сырткары, жол-транспорттук кырсыктырды азайтууга, балдардын жол-кыймылынан жабырлоосун алдын алууга багытталган патрулдук милициянын ишин жакшыртуу үчүн комплекстүү чара көрүү керек экендиги да бардыгына эскертилди.

Коллегиянынын отурумунун жыйынтыгында ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүндө коомдун жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылууга, кылмыштуулук менен күрөшүү, ички иштер органдарынын бардык башкармалыктарында кызматтык тартипти бекемдөө, укук бузууларды алдын алууга жана ички иштер органдарынын тутумун жакшыртууга, коомдук жайларда жана көчөлөрдө коомдук абалды көзөмөлдөөгө жана ошондой эле өздүк курамдын арасында күжүрмөн кесиптик деңгээлин жогорулатууга багытталган маанилүү чечимдер кабыл алынды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 13 = 15

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: