“Ата-Мекен” партиясынын активдүү мүчөсүнө айланып, Өмүрбек Тенебаевди куугунтуктаган бийликке ачуу сырдарды айтып келген Нургазы Бакаев деген адамды 31-июль күнү түнкү саат 21:07де белгисиз адамдар күч менен кармап кетишкен.
Нургазы Бакаев ошол учурда “Ата-Мекен” партиясынын мүчөсү Чынара Аблакеевага “ватсап” аркылуу үч аудио билдирүү жибергенге үлгүргөн. Ал аудио билдирүүсүндө “мени СНБ кармап кетип жатат. СНБ же кимдер экенин так билбейм, мени кармап алышты”-деген. “Ата-мекенчилер” андан бери Бакаев тууралуу кабар жоктугун, бул факты боюнча укук коргоо кызматтары чара көрүүсүн талап кылышууда.
Булак: “Майдан.kg”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ