Menu

Тажик өкмөтү Түркмөнстан-Кытай газ куурун куруу үчүн кытай жумушчуларына кошумча квота берди

Бөлүшүү:

Тажикстан өкмөтүнүн чечими менен Түркмөнстан-Кытай газ куурунун курулушу үчүн Кытай жарандарына кошумча 1690 жана долбоорго катышы бар башка чет өлкөлүктөргө 16 орун берилди.

Тажикстанда кытай жарандары суу алдындагы өтмөктөрдү, кошумча жолдорду салуу, курулуш иштерин долбоорлоо жана сапатына баа берүү жумуштары менен алектенишет. Бул арада Тажикстан жыл сайын Кытайдын атуулдарына 4 миң жумушчу квота бөлүп келет.

Түркмөнстан-Кытай газ куурунун Тажикстан аркылуу өтө турган тилкесинин курулушун баштоо аземи 2014-жылы болгон. Ага өлкө президенти Эмомали Рахмон менен Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин катышып, объект үч жылда бүтө турганы айтылган. Бирок долбоор ошол бойдон иш жүзүнө ашкан эмес.

Тажикстандын энергетика жана суу ресурстары министри Усмонали Усмонзода маалымат жыйынында газ куурунун курулушу быйыл башталарын билдирди. Анын айтымында, долбоорду иштеп чыгуу жана уюштуруу иштеринин создугушу тажик тараптан көз каранды эмес.

Газ куурунун Тажикстан аркылуу өткөн тилкеси 400 чакырымды түзөт жана курулуш 2020-жылы аягына чыгышы керек. Өлкө 32 жылда газ транзитинен 248 миллион доллар алат. Мөөнөт бүткөндөн кийин инфраструктуранын жарымы Тажикстандын менчигине өтөт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 11 + = 15

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: