Расмий Вашингтон Грузиянын аймактык бүтүндүгүн колдойт. Мындай билдирүүнү вице-президент Майк Пенс Тбилисидеги сапары маалында жасады. АКШнын вице-президенти Майк Пенс 1-августта грузин өкмөт башчысы Гиоргий Квирикашвили менен жолукту.
“Грузия – биздин негизги стратегиялык шеригибиз. Биз өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн жана НАТОго мүчөлүккө өтүү мүдөөңүздөрдү колдойбуз. Бүгүн Орусия Грузия аймагынын басып алынган бештен бир бөлүгүн ээлөөнү улантууда. Таасын айта кетейин: Америка Кошмо Штаттары Орусиянын грузин жергесиндеги баскынчылыгын айыптайт”, – деди вице-президент.
2008-жылы Грузия менен Орусия ортосунда 5 күндүк согуш тутангандан кийин, расмий Москва Грузиянын курамындагы жикчил Абхазия жана Түштүк Осетия аймактарына аскер киргизип, алардын көз карандысыздыгын тааныган. Бул эки аймакта тең Орусия өз аскерлерин азыркыга чейин кармап турат.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ