АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон дем алыш күндөрү – 5-6 августта Манилада Орусиянын ТИМ башчысы Сергей Лавров менен жолугушууну пландап жатканын билдирди.
Тиллерсон 1-августта билдирүү жасап, АКШ менен Орусиянын мамилеси “стресс абалында” экенин айтты. Ал буга карабай Вашингтон Москва менен Сириядагы абалды жакшыртуу боюнча шарт түзүүгө аракет көрүп жатканын кошумчалады.
Тиллерсондун айтымында, Вашингтон мурдагыдай эле президент Башар аль-Асаддын келечеги жок жана ага жардам берген иран аскерлери үйлөрүнө кайтышы керек деген пикирде. АКШнын жаңы санкцияларына жооп иретинде Кремль Орусиядагы америкалык дипломаттардын санын кескин кыскартканына карабай, Кошмо Штаттар менен Орусия мурдагыдай эле терроризм менен бирге күрөшүүгө дилгир.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ