Кыргыз Республикасынын Сейсмология Институтунун берген маалыматына ылайык, 2017-жылдын 2-августунда саат 05:26да очогунда 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Бул туурасында ӨКМ билдирет.
Жер титирөөнүн очогу Икизяк айылынан түштүкө карай 14 чакырым, Нура айылынан түштүк-батышка карай 15 чакырым, Кек-Суу айылынан түштүкө карай 18 чакырым, Иркештам айылынан түштүк-батышка карай 20 чакырым, Кара-Киндик айылынан түштүк-чыгышка карай 30 чакырым алыстыкта Алай кырка тоолорунда жайгашкан.
Ош облусунун Алай районунун Икизяк, Нура айылдарында 3 балл, Кек-Суу айылында 2,5 балл сезилген.
Алдын ала алынган маалымат боюнча кыйроолор жок.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ