2017-жылдын 31-июлунда Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда Ак-Таш айыл аймагынын Чек-Таш участкасында Чаткал дарыясындагы аралчага белгисиз адамдын жансыз денеси чыгып калган деген маалымат түшкөн. Бул туурасында ӨКМдин басма сөз кызматы маалымдады.
Окуя болгон жерге КР ӨКМнин РӨКОнын 2-өзүнчө издөө куткаруу отрядынын куткаруулары барышып, 1980-жылы туулган аялдын жансыз денесин чыгарышып, туугандарына өткөрүп беришкен.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ