2017-жылдын 2-август күнү саат 02:35 чамасында Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Красная Речка айылынын Ворошилов көчөсү №48, бастырмада өрт чыккан. Бул туурасында КР ӨКМнин басма сөз кызматы маалымдайт.
Натыйжада жыгач устундуу темир жабылган аянты 300 чарчы метр бастырма, 3000 миң түк чөп, бир баш уй, бир баш музоо, алты баш кой күйгөн.
Өрт өчүрүүгө 3 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган.
Өрттүн себеби электр жабдууларын куроодо эреженин бузулуусу.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ