Menu

Медиация жөнүндө мыйзамга кол коюлду

Бөлүшүү:

Президент Атамбаев «Медиация жөнүндө” Кыргыз Республикасынын  Мыйзамына кол койду. Бул туурасында Президенттин Аппаратынын расмий сайты жарыялады.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2017-жылдын 22-июнунда  кабыл алынган.

Мыйзам  укуктук талаштарды жөнгө салуу, жарандардын укуктарын, эркиндигин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого көмөктөшүү, өнөктөштүк иштиктүү мамилелерди өнүктүрүү жана иштиктүү карым-катнаштын этикасын калыптандыруу, социалдык мамилелерди өнүктүрүү  боюнча Кыргыз Республикасында медиацияны колдонуунун укуктук негиздерин түзүү максатында иштелип чыккан.

Кабыл алынган мыйзамда төмөндөгүлөр каралган:

-медиация талашкан тараптар  өз ара ылайыктуу макулдашууга жетишүү максатында  медиатордун көмөктөшүүсү аркылуу талашкан тараптардын кызыкчылыктарын макулдашуу жолу менен  укуктук талаштарды жөнгө салуу жол-жобосу катары аныкталат. Мыйзам  жарандык, үй-бүлөлүк жана эмгек мамилелеринен келип чыккан талаштарга карата медиацияны колдонууга байланышкан мамилелерди жөнгө салат;

– медиация  жазыктык-укуктук мамилелерден келип чыккан талаштарга  карата, мыйзамда тикелей каралган учурларда колдонулат;

–  мыйзам медиацияны сотко кайрылганга чейин дагы, андан кийин дагы жүргүзүүгө жол берет. Ошол эле учурда тараптар талашты чечүү үчүн сотко кайрылуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырабайт.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 71 + = 77

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: