Menu

Тиешелүү текшерүүчү органдар коомчулуктун кускусун келтирген сүрөттү изилдөөгө тийиш

Бөлүшүү:

Сыягы, курутту баарыбыз эле жакшы көрсөк керек. Андыктан көргөн жерде жок дегенде бир тоголок сатып алып жейбиз. Бирок ошол эле учурда анын кантип даярдаларына, санитардык эрежелер сакталган-сакталбагандыгына өтө деле кызыга бербейбиз. Билбегендерге
айтып коёрубуз, курут камырдай ийленип жасалат. Өзгөчө Ош базарында кырманга жыйналгандай кап-кап болуп дүңүнөн да, килограммдап да сатылып жаткан аппак куруттардын кайдан келгендигин, кантип даярдалгандыгын сураган адам да, текшерген мекеме да жок. Кыскасы,
курут да чоң бизнеске айланып, бул өндүрүш менен алектенгендер жаман эмес пайда табышат.
Анысы аш болсун деңизчи. Тилекке каршы бул адам организмине азык түлүк катары кабыл алынган продукцияны адал эмес жол менен даярдагандар да бар окшойт. Себеби мындан эки күн мурда интернетте бир сүрөт жарыяланып, учурда кызуу талкууга түшүп жаткан чагы. Ал сүрөттө базардагы сатыкта жайнап сатылган куруттарлын даярдоо жолу көрсөтүлгөн. Сүрөттөн чоң эле кишинин сүзмөнү тебелеп жатканын көрүүгө болот. Ары жакта болсо шыбагы түшкөн үй. Демек, бул кыргыз айылдарынын бири. Тигил адам да кыргыз эле киши экендигин билүүгө болот. Ошондуктан тиешелүү текшерүүчү органдар коомчулуктун кускусун келтирип, эсин оодарган сүрөттү изилдеп, жооп берүүгө тийиш.

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 30 = 33

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: