Menu

Баласын даартаканага төрөп, таштап кеткен аял табыла элек

Бөлүшүү:

“Бирөөгө кор, бирөөгө зар бала”- дегендей, айрымдар наристе жытына талгак болуп жүрсө, дагы башкалар өз канынан жаралган баласын таштап койгон, болгондо да дааратканага ыргата качкан таш боор аялдар көбөйүүдө. Жакында Бишкекте энеси дааратканага төрөп кеткен ымыркайды 17 жаштагы Нурзамат алып чыкты. Бишкектеги Арча-Бешик конушунда барак тибиндеги үйдүн дааратканасынан жаңы төрөлгөн ымыркайды куткарып чыккан жашоочулар окуя тууралуу айтып беришти. Ымыркайдын энеси 31-июлда көчөдөгү дааратканага төрөп, өзү качып кеткен. Жергиликтүү тургун Нурзаттын айтымында, окуя саат 10:00 чамасында болгон. «Саат 10:00 чамасында эшикке бир нече жолу чыгып караганда даараткананын эшиги жабык болчу. Бир нече мүнөттөн кийин кайра чыксам эшик ачылып калыптыр. Ичине киргенде жер кан болуп турганын көрүп, даараткананын чункурунан ымыркайдын ыйлаган үнүн уктум. Дароо сыртка чыгып, кошуналар менен жолдошумду чакырдым», – деди Нурзат. Анын жолдошу Муратбек Мамырбаевдин айтымында, дароо кошуналарын чакырып, тез жардам жана милиция кызматына телефон чалган. Алгач милиция кызматкерлери, андан кийин дарыгерлер жеткенин кошумчалады. Ымыркай кызды дааратканадан 17 жаштагы Майрамбек уулу Нурзамат кол чырактын жарыгы менен таап, сыртка алып чыккан. Бул адамдардан мээримдүүлүк кетип, айбанга айланып бараткандыгыбыздын белгиси эмеспи?

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 17 − 8 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: