Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнүн баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматкерлери тарабынан 31-июлда жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттеринин натыйжасында 20 жаштагы Х.Ж. аттуу жаранды текшерген учурда жанынан пакетке оролгон, өзгөчө жыты бар зат табылган. Алынган зат экспертизага жөнөтүлгөн. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, экспертизанын жыйынтыгында 1 кг салмактагы марихуана баңгизаты экендиги аныкталган. Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексинин 246-беренеси (Баңгизатты мыйзамсыз сактоо) боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү катары кармалган Х.Ж. Ноокен РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө амалдары уланууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ