Menu

Милиция кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз сакталган ок атуучу куралдар алынууда

Бөлүшүү:

Ош облусунун Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттеринин натыйжасында ИЖ үлгүсүндөгү 16 мм калибрлүү ок атуучу куралы менен Маданият айылынын 1961-жылы туулган Р.А. аттуу тургуну кармалган.Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы маалымдайт.

Текшерүү учурунда ок атуучу куралдын тиешелүү документтери жок болуп чыккан.
Жогорудагыдай факты менен Аксы районунун Кербен шаарынын 1971-жылы туулган М.Ш. аттуу тургундун мал сарайынан ИЖ-16 үлгүсүндөгү сайсыз ок атуучу курал табылып, Аксы райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан алынган. Учурда алынган куралдарга экспертизалар дайындалып, иликтөө иштери уланууда.

ИИМ эскертет: эгерде Кимде-ким мыйзамсыз курал сатса, ташыса, куралдын негизги бөлүктөрүн жанына алып жүрсө, ошондой эле курал-жарактарды даярдагандар жана оңдогондор, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды мыйзамсыз колдонгондор кылмыш жоопкерчилигине тартылат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: