Menu

Камчыбек Ташиев, президенттикке талапкер: “Садыр досум, бүгүнкү соттун өкүмү саясий өкүм, сенден өч алып жатышат”

Бөлүшүү:

КР президенттигине талапкер катары катталып жаткан Камчыбек Ташиев абактагы досу Садыр Жапаровдун атасына жолугуп, каңырыгы түтөп досуна кат жазды:

“Урматтуу досум Садыр!
Мен билбейм, бул катты окуганга сенин мүмкүнчүлүгүң болобу же жокпу, бирок, эгерде мен бугумду чыгарып албасам, анда карөзгөй бийликтин бүгүнкү “тыюу салган токтомун” бузуп салышым мүмкүн.
Ээ досум, убакытты карасаң кандай шуулдап өтүп жатат, 2005-жылы жаңы эле депутат болуп келип, чогулуп маектешип, мамлекет үчүн эч качан кыянаттык кылбайбыз, эл үчүн иштейбиз деп антташкан күн эсиңдеби, ошондон бери 12 жыл убакыт өтүптүр. Экөөбүз бирге 2 жолу депутат болуп шайландык, жооптуу мамлекеттик кызматтарда иштедик, Кудайым күбө ошол антыбыздан жазбадык. Айрыкча парламентте ар түрдүү чечимдерди кабыл алган учурларыбызда сенин чабалактап, чуркап жүрүп мамлекеттин кызыкчылыгы деп күйпөлөктөгөнүң көз алдымда турат. Көптөгөн кыйынчылыктарды да бирге басып өттүк, эрдигибиз да, катачылыктарыбыз да болду, бирок мамлекеттик кызыкчылыкты эч нерсеге алмаштырбадык. Сен ушул иште үлгү болдуң! Бүгүнкү сага чыккан өкүмдү угуп каңырыгым түтөдү, бул соттун өкүмү саясий өкүм, сенден өч алып жатышат, мен билем сен өмүрүңдүн акыркы мүнөтү калганча сынбайсың, кайраттуусуң, себеби сен мекенчилсиң!
Досум, сен күнөөлүү эмессиң, муну элдин баары билет жана сени колдошот.
Досум, аяш атама барып келдим, Атанын көзүндөгү муңду, кадимки кайратын көзүнө гана топтогон Атамды көрдүм, бир аз сыркоолоп калыптыр, бирок бир да тамчы жашын чыгарган жок, а мен азырга чейин жашып жүрөм.
Бул күндөр да өтүп кетет…”

Камчыбек Ташиев

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 57 − = 48

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: