Menu

Эмилбек Каптагаев: “Атамбаев “катын ушак” деңгээлинде Роза Отунбаевага жалаа жаап, арзымат гезити “Де факто” аркылуу каралатып жатат”

Бөлүшүү:

Саясатчы Эмилбек Каптагаев:

“Осурган кыз осурбаган кыздын бетин тырмайт” дегендей “Мегаком” маселеси боюнча Атамбаев бет тырмарлык кылып жатканы айдан ачык эле иш. Жакында эле Азимбек Бекназаров атайын маалымат жыйынын өткөрүп, ал жерде “Мегакомдун” улутташтыруусу боюнча, эмне себептен 49 пайызы улутташып, 51 пайызы соттун кароосуна калтырылганын так айтып берди эле. Ошондой эле Текебаев-Чотоновдун сотунда дагы Бекназаров күбө катары суралып жатып: ” Мегаком боюнча суралса дагы мен суралып, соттолсо дагы мен соттолушум керек эле, анткени 2010-жылы Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү катары “Мегакомдун” улутташтыруу боюнча мен карагам, эгерде ошондо 51 пайызын зордуктап алып алсак анда Максим Бакиевден эмне айырмабыз болмок, биз акыйкаттык үчүн деп келгенден кийин акырына чейин акыйкат болуубуз керек, Текебаевдин “Мегакомго” тиешеси жок ” – деп айтты эле.

Ошондой эле Азимбек Бекназаров “Мегакомдун” 51 пайызына ээлик кылабыз деп Эл аралык сотторго чейин арызданып, ал жактан өздорүнүн дооматы чындык экендигин далилдеген чечими колунда турган инвестор бар экендигин, эгерде сот акыйкаттыгы алар жакта болсо Кыргызстан алардын менчикке болгон укугун калыбына келтирүүгө милдеттүү экендигин, азыркы бийлик күчкө салып эле 100 пайыз үлүштү сатып жиберебиз деп жатканы мыйзамсыз экендигин да айтып жүрөт.

2010-жылы улутташтыруу маселеси каралып жатканда Убактылуу Өкмөттүн жыйынында Атамбаев деле катышкан, Роза Исаковнанын биринчи орун басары катары бул маселе өзүнүн көзмөмөлүндө болгондон кийин анын пикири биринчи кезекте эске алынып турган, 49-51 пайыз боюча улутташтырууну ал дагы колдогон, чечимдер турат, талкуунун стенограммалары деле турат.

Ошо күндөн ушул күн “Мегакомго” эч кимди жолотпой мыкчып отурат го өзү. Эми азыр “…мен билем…” деп “катын ушак” деңгээлинде жылаандын башын кылтыйтып, Роза Исаковнага жалаа жаап, анан “Де факто” сымал арзымат гезити аркылуу каралатып жатышынын өзү кишичиликке жатпай турган иш. “Мегаком” боюнча ким жооп бере турганын мезгил көрсөтөт.

Эмилбек Каптагаев, facebook.com

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 59 − = 53

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: