Акыркы кездерде айрым ММКларда Кочкор районунда жайгашкан «Чоң Туз» шахтасы тууралуу жазылып жаткан макалалар колдоого алынып, аталган шахтаны мамлекеттин менчигине алуу маселеси көтөрүлүүдө. Эсепсиз байлыкты боюна камтып жаткан «Чоң Туз» шахтасы баягы Кочкор районунун «легендарлуу» акими Курманбек Байтерековдун менчиги. 2010-жылдагы бийлик алмашканда жергиликтүү эл Байтерековдун сарайын мал-жаны менен кошо талап-тоноп кеткенин унута элекпиз. Кара туз өзүлөрүнөн чыкса дагы малына бергенге сатып алып жаткан кочкорлуктардын жанына таш батты да. Чынында элдин байлыгы элге иштеши керек да. Ушул жагын өкмөт башчы ойлонуп, аталган шахтаны мамлекеттин менчигине алса элдин батасын алмак.
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ