Ушул күндөрү саламаттык сактоо министринин орун басары Олег Горин тууралуу шектүү күбүр-шыбырлардын желдей тарап жатканын кайда катабыз? Башкасын айтпасак да, министрликтеги жеке менчик клиникаларга лицензия берген «сырдуу түйүндөрү» чечилеби? Айрыкча баш калаадагы «Жисян», «Гонконг» аттуу кытай клиникаларына көмүскөдөн «крыша» болуп, Бишкектеги бир катар жеке менчик клиникалардын санитардык абалдарына көз жумду мамиле кылуу менен иш жүргүзүп жаткандыгы чынбы? Анын дал ушул жааттагы «ишмердүүлүгүнө» ачууланган бир катар дарыгерлер ага карата фактыларды топтоо менен укук коргоо органдарына арыздана турушканы каңкууланды. Эгерде башкы прокуратуранын өкүлдөрү бу ою бузук Олегдин баскан изин тыкыр текшерүүгө алышса, дароо иш козгошот беле? Биз дал ушул жааттагы маалыматтарды иликтөөгө киришмекчибиз.
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ