Menu

Алмаз Атамбаев: «1916-жылдагы көтөрүлүш жана Үркүн кыргыз элин ойготуп, мамлекеттүүлүгүнө карай из салган»

Бөлүшүү:

Бүгүн, 3-августта, Алмаз Атамбаев 1916-жылдагы кыргыз элинин улуттук көтөрүлүшүнүн курмандыктарын эскерүү күнүнө байланыштуу  кайрылуу жасады.

Алмаз Атамбаевдин кайрылуусунун тексти:

«Урматтуу мекендештер!

1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүштүн жана Үркүн каргашасынын жылдыгын жалпы эскерип жатабыз. Кыргыздар чачырап барып, аз жерден жок болуп кете жаздаган бул окуя бир жыл мурда – 100 жылдыгында мамлекеттик деңгээлде белгиленип, акыры тарыхтагы акыйкат ордун алды.

Элибиздин тарыхындагы эң трагедиялуу барактардан болгон бул каргашаны ондогон жылдар бою улуттук эс-тутумдан жоготуу аракеттери болгон. Эгемендик жылдарында жигердүү жана патриот жаштардын тарыхый чындыкка жетүү аракеттери жогору жактан ойдогудай колдоо таппай калган.

2016-жылы биз элибиздин мойнунда жүз жыл бою оор  жүк болуп келген ыйык парзыбызды өтөдүк. Кыргыз мамлекеттүүлүгү үчүн жанын берген чыгаан уулдарыбыздын сөөгү жашырылган “Ата-Бейитте” 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүштө шейит кеткендерге Эстелик тургуздук.

Ал Эстеликтин бетине кыргыздар кылымдап баскан жолду таасын чагылдырган алты сап түшүрүлгөн:

Дүйнөгө ак калпакчан көрүндүк биз,

Асмандан жамгыр болуп төгүлдүк биз,

Чөп болдук жер тандабай өсө берген,

Булуттай аалам кездик, чачылдык биз,

Кырылып бара жатып тирилдик биз,

Бөлүнүп бара жатып бириктик биз!

1916-жылдагы көтөрүлүш жана Үркүн кыргыз элин ойготуп, мамлекеттүүлүгүнө карай из салган. Андан кийин дагы көптөгөн жоготууларга карабастан, элибиз изги тилегине жетти – Кыргызстан азыр дүйнөдө, региондо өз орду бар, келечектүү өлкө!

Биз Тарыхтан таберик болуп келген мамлекетибизди жана эркиндигибизди көздүн карегиндей сактоого милдеттүүбүз.

Өткөндү унутпайлы. Кыргыз жери үчүн, эркиндик үчүн шейит кеткен боордошторубузду эстен чыгарбайлы.

Кыргыз көчү эч качан бириндебей, жолунан адашпай, түз кетиши керек.

Баарыбыз тилектеш, максатташ болсок, күчтүү болобуз.

Жараткан элибизге биримдик, жерибизге берекет берсин!

Алмаз Атамбаев»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: