Menu

Тогуз-Торонун кулуну «Супер инфо» гезитинин баш редакторлугуна секирик жасады

Бөлүшүү:

Журналистикадагы алгачкы чыйырын «Асман пресс», «Учур» гезиттеринен баштап, соңку жылдары «Супер инфо» гезитинин саясый типтеги макалаларын даярдап жүргөн Мирлан Өмүралиев жакындан тарта гезит жетекчилигинин демилгеси, ага удаа жамааттын колдоосу менен аталган гезиттин башкы редактору болуп дайындалды. Куттуктайбыз! Гезиттин «эки тизгин, бир чылбырын» колго алган идиректүү жигит эми өлкөдөгү эң көп нускадагы басылманы татыктуу аркалап, өзүнүн прагматикалык деңгээлдеги ой-чабыттарын практикага айкалыштырса, замандын күрөө тамырын кармап, карапайым эл тарапта болсо эле гезиттин мындан ары да атагын Алайга, даңкын далайга жеткирери турган иш. Эмесе, өсүп келе жаткан кыргыздын таланттуу жигитине колдоо көрсөтүп, ишине ийгилик каалап, стимул жараталы. Башкысы, карапайым жүз миңдеген окурмандарыңдын катарында болуп, күрсүлдөп турган чагыңда күчүңдү көргөзүп иштей бер. Бар бол кыргыздын канатчан келечеги!

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 40 − = 38

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: