Милиция кызматкерлеринин эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү учурунда жарандар тарабынан өз ыктыяры менен ок атуучу куралдарды тапшырган 3 факты катталган. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы маалымдайт.
Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгына бир ок атуучу куралды өз эрки менен тапшырган бир факты катталса, Ноокен районунан милиция кызматкерлерине бир ок атуучу куралды өз ыктыяры менен тапшырып кеткен. Ал эми Токтогул РИИБдин кызматкерлери өз ыктыярдуу түрдө ок атуучу куралын тапшырган бир фактыны катташкан. Жалпысынан алганда, Жалал-Абад облусунун аймагында курал-жарактарды өз ыктыяры менен тапшырган 3 факты катталды.
КР ИИМи эскертет: Эгерде жаран ок атуучу куралдын ээси болбосо, сактаганга жана колдонгонго уруксат берилбейт. Тез арада куралды укук коргоо органдарына тапшыруу керек. Тапшырбоо учурунда жаран административдик же кылмыш жоопкерчилигине кириптер болот.
Ал эми катталбаган курал-жарактарды, окторду, жарылуучу заттарды өз ыктыяры менен тапшыргандар кылмыш ишине тиешеси жок болсо, анда кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ