Учурда августтун жыйырмасынан кийин ак, көк үйдү кимдер ээлеп алары боюнча кызуу талаштар болгону да чын. Бир аз башында мээси барлардын баары жаңы премьер-министр ким болот деген божомолду божурашкан кези. Негизи саясатты чакпаган кишини табыш кыйынга туруп калды. Ар кимиси эле төшүн керип, оозун чормойтот.
Ошентсе да айта кетели. Өкмөт башчылык орунга түндүктөн түшүп келген кишини парламент шайлабайт. Ал орунга келчүлөр канчоо болгону менен орун бирөө. Демек, Теңир сүйгөн, кызмат буйруган киши тизгинди колуна алат. Ким билет, балким Сапар Исаков тактыга отуруп калаттыр! Же Албек Ибраимов келеби? Балким, шайлоого барбайм десе Өмүрбек Бабанов ошол кызматка бап келеттир? Айтор, талапкер деген жайнайт. Акыры ушулардын бирине нур тиет. Ага аз эле күн калды ашыкпай турсаңар, убагы келгенде мунун баарына күбө болосуңар.
Булак: “Ачык сөз”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ