Menu

Мирзиёев Улуттук телерадиокомпаниянын башчысын кызматтан алды

Бөлүшүү:

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев өлкөнүн Улуттук телерадиокомпаниясынын (УТРК) төрагасы Хуршид Мирзохидовду кызматтан алды. Бул тууралуу мамлекет башчы 2-августта өткөн видеоселектордук жыйын маалында айтып, Мирзохидовдун ишин сынга алды.

Мирзохидов УТРКнын жетекчиси кызматына өлкөнүн башкы каналын 12 жылга жакын башкарган Алишер Хаджаевдин ордуна ушул жылдын февралында дайындалган.

Президент 30-марттагы видеоселектордук жыйында дагы өзбек телеберүүсүндө реформаларды жасоо зарылдыгы тууралуу айтып, «Өзбекстан» жана «Ёшлар» («Жаштар») телеканалдарынын ишин сынга алган.

«Мурдагы мезгил өттү. Телеканалдарда сындаган, аналитикалык материлдар берилиши зарыл. Адамдар берүүлөрдү чыдамсыздык менен күтүшү керек. “Ахборот“ берүүсүн өзгөртүү зарыл», — деп билдирген анда Мирзиёев.

Ошол эле жыйында мамлекет башчы Өзбекстандын эл артисти, белгилүү ырчы Озодбек Назарбековду «Ёшлар» телеканалынын башкы директору кылып дайындап, канал жаштардын жашоосун тиешелүү деңгээлде чагылдырбай жатканын айткан. Көп өтпөй Назарбеков бул кызматтан кеткен.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 85 = 87

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: