Menu

Балыкчынын базары тынч элеби?

Бөлүшүү:

Ысык-Көлдүн босогосунда жайгашкан Балыкчы шаарында анча-мынча алга жылыштар бар экени маалым. Ошентсе да элдин баары барган базарындагы абал кандай? Негедир билермандары элдин иштөөсүнө, кардарлардын соода кылышына жакшы шарттарды түзүп бербегенин эшиттик. Ал тургай жамгыр жааганда баткак жүдөтүп жиберерин көзүбүз менен көрдүк. Күнүгө миңдеген сом акча түшүп жаткандан кийин кемчиликтерди жоюуга неге көңүл бурулбай жатат?

Көрсө, базардын директору катары катталган Токтобек Матановдун таасири таптакыр жок экен. Карылыкка моюн берген аксакалдын шайы келбегендей түрү бар. Ошондуктан “эмирликти” адвокаты Нурлан Бектуровго биротоло өткөрүп берип, тынч жашоону көздөптүр. Колуна тизгин тийген бул жигит билген талканын чайып жатканын күйгөндөр айтып беришти. Ошентсе да сөздү көп чаргытпай, базардын чоңдоруна оболу кулак-кагыш кылып коёлу деп чечтик. Базар адвокат менен баш бухгалтер экөөнүн эле акырына айланып калгандай. Жок дегенде өрт өчүрүүгө карата жолду ачып койсо алкоого алынмак. Кырсык болгондо ашмалтайлары чыгып, өрт өчүргүчтөр кире албай ит эле болушкан. Ал окуялардан натыйжа эмдигиче чыга элек.

Негизи маселенин баары эле каражаттын күчү менен чечилбейт. Бармак басты, көз кыстыга деле азгырылбагандар бар десек болот. Ошондуктан камчыны колго бек кармап алып көрүнгөндү көзгө чабам деген оюңуздан кайтыңыз Нурлан мырза! Аргументтериңиз бар болсо, баш багып актанып алсаңыз болот. Балким жүйөөлүү кебиңиз бардыр!

Булак: “Ачык саясат”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 43 = 49

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: