Menu

Өзгөн хатибияты жер көчкү кырсыгынан жабыр тарткан бир үй-бүлөгө үй куруп берет

Бөлүшүү:

Бул боюнча кечээ, 3-августта Өзгөн районунун башкы имам-хатиби Акжол ажы Козубаев билдирди. Акжол ажы Козубаевдин айтымында Өзгөн райондук хатибият жамаатынын демилгеси менен ушул жылдын жаз айында Ийри-Суу айыл айылында жүргөн жер көчкүдөн улам турак-жайсыз калган үч балалуу Каныбек Рахмановдун үй-бүлөсүнө үй курулуп баштады.

Аталган курулуш жергиликтүү бийлик органдары тарабынан атайын бөлүнүп берилген Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн Жаман-Адыр участкасына курулууда жана учурда фундаменти толугу менен бүткөрүлдү. Бүгүнкү күнгө карата курулушка 4 тонна цемент, 3 камаз шагыл, 47 даана жыгач устун, 10 миң даана кирпич жалпысы 100 миң сомдон ашыгыраак өлчөмдө курулуш материалдары сатылып алынып берилди. Мындан ары турак-жайдын дубалын куруп бүтөөрү менен, чатырын жапканга шифер, терезе жана эшиктерин жасатып берүү үчүн атайын материалдар сатылып алынып, тиешелүү жардамдар берилмекчи. Ошондой эле А.Козубаев аталган жардамдар Хатибият тарабынан демилгеленип, атайын демөөрчүлөрдүн жардамы менен ишке ашырылып жаткандыгын кошумчалады.

Эскерте кетсек, ушул жылдын июль айында Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушевдин демилгеси менен Кыргызстан Мусулмандар Дин Башкармалыгы жана облустук казыяттар биргеликте Өзгөн районундагы жер көчкүдөн жабыр тарткан 4 үй-бүлөгө, Чоң-Алай районундагы жер титирөөдөн жабыр тарткан 4 үй-бүлөгө үй куруп берүүнү колго алышып, жалпысы  8 турак-жай курууга 2 миллион 800 миң сом акчалай жардам көрсөтүшкөн болчу.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 69 + = 73

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: