Тажикстандын башкы прокурору Юсуф Рахмон өлкөдө тыюу салынган Ислам кайра жаралуу партиясы менен «Группа 24түн» чет өлкөдө жүргөн активисттеринин туугандарына кысым болуп жаткандыгы жөнүндөгү маалыматтарды четке какты.
“Үй-бүлө мүчөлөрү менен туугандары аталган топтордун активисттерине карата козголгон кылмыш иштеринин алкагында суракка алынат. Ошол эле маалда аларга эч кандай кысым болбой эле”, деп билдирди Юсуф Рахмон.
Өткөн айда Тажикстандын ислам кайра жаралуу партиясы Германиянын Дортмунд шаарындагы тажик оппозиция күчтөрүнүн жолугушуусунан кийин алардын активисттерине карата кысым көрсөтүүлөр башталганын билдирген.
Мурда парламенттин курамында болгон Ислам кайра жаралуу партиясынын 2015-жылы күзүндөгү козголоң чыгаруу аракетине тиешеси бар экендиги айтылып, Жогору сот тарабынан экстремисттик жана террористтик уюмдардын тизмесине киргизилген. Андан бир жыл мурда ал тизмеге «Группа 24» дагы кирген.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ