Menu

Кубанычбек Апас, президенттикке түбөлүк талапкер: “Мен кадимки Трамптан, Путинден беш эсе жогору турам, кыргыз эли муну баалабайт, анткени аң-сезими төмөн”

Бөлүшүү:

– Кубанычбек мырза, Москвадан качан келип калдыңыз?

– 30-июль күнү кечки саат 17лер чамасында Бишкекке кондук. Келерим менен туугандарга жолуккан соң, эртеси 31-июлда адаттагыдай президенттикке талапкерлигимди коюу үчүн БШКга барып, тиешелүү документгеримди тапшырдым. А жердеги Асаналиев атгуу бөлүм башчы мени жаман көзү менен карап, арызымды окуган соң «Башмыйзам боюнча сизге президенттикке талапкерлигиңизди койгонго болбойт, анткени сиз Орусиянын жараны болосуз. Мыйзамдын негизинде сиздин талапкер болуп катталышыңызга уруксат бербейбиз» дейт. Мындан соң БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын өзүнө кирсем, ал дагы «мыйзам боюнча сиздин талапкерлигиңизди каттоо болбой калат экен» деп тиешелүү түшүндүрмөсүн билдирди.

– А сиз эмне үчүн президенттик шайлоо астында гана Кыргызстанга келип каласыз? Кыргыздын башына иш түшкөн күндөрдө же эгемендүүлүк, айт майрамдары сыяктуу жакшы күндөрдө келип, элибиздин жакшылыгына эмнеге ортоктош болбойсуз?

– Мен азыркыга чейин саясый куугунтуктамын. Азыркы менин статусум ушундай. Мени Россияга кууп, саясый куугунтук кылган Акаевден баштаган кыргыз бийлиги куугунтугун азыркыга чейин улантып келишет. Андыктан, мен дагы деле ошол статустамын.

– Шайлоо сайын Россиядан жымың эте пайда боло калып жатпайсызбы? Сиздин катарыңызды ал жактан Акбаралы Айтикеев, Темирбек Асанбековго окшогондор толуктап келишсе, эми Таалатбек Масадыков деген да пайда болуп калыптыр. Ушулардын бардыгы Россиядан өзүңөрчө сүйлөшүп туруп, ошол жакка эле талапкерлигиңерди коё берсеңер болбойбу?

– Мен эми башкача, өзгөчө жанмын да. Статусум дагы башкача. Сен атаган саясатчыларбы, кимдер, айтор, менин чыпалагымдын тырмагына дагы тең келе алышпайт. Анткени, мен кыргыз саясатында, кыргыз улутунда кадимки Трамптан, Путинден беш эсе жогору турган адаммын. Ушунумду кыргыз эли баалабай жатат да. Эмне үчүн баалабай жатат? Анткени, элдин аң-сезими төмөн, быша элек. 20 жылдан бери эми-эми ойлонуп калышты. Мен «Кубанычбек Апас миң жылда бир төрөлөт» деп айтпадым беле. Азыр менин мындай кебимдин чын экенин элдин жарымы айтып жатат. Ошондуктан, кыргыздын стратег саясатчысы бул Доктор Апас! Муну биле жүргүлө.

– Сиз кезегинде канкор Курманбек Бакиевди эл алдында, анын президент кезинде эле ачуу сөздөрүңүз менен сындап, бет пардасын ачып келчүсүз…

– Албетте. Мен дайыма Курманбек Бакиевди жалпы элдин астында аянттан «фашист» деп айтып келчүмүн. Ага карата менин айтканым далилдендиби? Өз элине фашисттей мамиле кылдыбы? Эмне дейсиңер, кана? АскарАкаевди эл алдында «вор» дедим! Мен дайыма ачык айтып келдим. Көрдүңөрбү, менин айткандарым чын чыгат бекен?

– Кезегиндеги «көмүр королу», бир кездери сиз менен президенттикке кошо жарышка чыккан «кесиптешиңиз» Нурлан Мотуев менен мамилеңизди оңдоп алдыңыз беле? Ал экөөңүздөр да убагында «чыртылдашып», бири-бириңерге жакшы эмес маанайында жүрдүңөр окшойт…

– Балдар, мен эми профессормун да. Ал ким экен өзү?

– Ал деле сиз сыяктуу президенттикке талапкер болуп жүргөн…

-Талапкерлерди айырмалап, статустарын билип алгыла да? Маселен, ажолукка аттангандардын арасында пенсионерлер, аялдар болушу мүмкүн. Керек болсо, мен жанагы силер салыштырып жаткан Мотуевиңерден 20 жаш улуумун. Ал Нурланыңар жөн гана сабатсыз, институтту да толук бүтпөгөн, жогорку билими жок пенде да. А мен үч жогорку окуу жайын аяктаган инсанмын. 42 жашымда медицина илимдеринин доктору болуп, ага удаа 1997-жылы эл аралык энциклопедияга кирдим. Кыргызстанга, кыргыз элине менин салымым абдан чоң.

– Кыргыз саясатчыларынын ичинен баалаган инсаныңыз барбы?

– Булардын ичинен бир дагы баалаган саясатчым жок.

– Дайыма эле оппоненттериңизди баалабай, аларга карата ар убак тескери бааңызды бересиз да. Бирок, ошол эле учурда кыргыз саясатчылары сизди «Доктор Апас шизофреник» деп айтып калышат экен го?

– Саясатчылар ошондой пикир айтышса, демек алар чала сабаттар да. Кыргыз саясатчыларынын баарынын мээлери жайында эмес. Билесиңер да, дарыгерлер кыргыз саясатчылары сымал ненормальный болушпайт. Кыргызстан деле тирүү организм, болгондо да мамлекеттик организм. Мындай жагдайдан салыштырганда, оорулуу организм катары Кыргызстан азыр реанимацияда жатат. А мен 40 жылдык эмгек тажрыйбасы бар профессионал реаниматолог-анестезиолог дарыгер, медицина илимдеринин доктору катары мен гана Кыргызстанды дарылай алам. Ошондуктан, Доктор Апас гана президент болушу керек. Эл аралык деңгээлде да Доктор Апастын кадыр-баркы абдан жогору. Мен Клинтон, Ширак баштаган үлкөндөр менен жолугушкам. Орустардан Жириновский менен жолугушуп, сүйлөшкөнбүз. Муну биле жүргүлө. Кубанычбек Апас кыргыз саясатындагы алтын! Ошол алтынды колдонушса жакшы болот эле.

– Макул, президенттикке чыгып калдыңыз дейли. Капчыгыңызда канча пулуңуз бар?

– Менде такыр каражат жок. Азыр жанымда болгону 150 сом турат. Майк Тайсондун «качан менин капчыгымда каражат жок кезде мен эң эркин кишимин» деп айтканы бар. Ошол сыңары Доктор Апас да эркин киши. Баса, мени кыргыз саясатындагы атаман Туйгунаалы Абдраимов менен мушташтырсаңар жакшы болот эле. Абдан суранам…

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 56 − 53 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: