Menu

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук кеңеши Бишкек ШИИББне компьютерлерди тапшырды

Бөлүшүү:

3-август күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук кеңешинин мүчөлөрү Бишкек ШИИББнин жетекчилери менен жумуштук жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук кеңешинин төрагасы Толкун Исаков ар тараптан колдоо көрсөтүүгө даяр экенин белгиледи. Өзгөчө материалдык-техникалык жана методикалык жактан жабдууга жардам көрсөтүүлөөрүн белгилеп өттү. Бул туурасында Бишкек ШИИББнин Басма сөз кызматы билдирет.

Бишкек шаарындагы ЕККУнун Программалык офисинин колдоосу менен Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук кеңешинин төрагасы Толкун Исаков Бишкек ШИИББдин Уюштуруучулук-тескөөчүүлүк башкармалыгынын башчысы Сыймык Жакыповго 2 даана компьютер техникасын тапшырып жатып, милиция кызматкерлеринин ишин жеңилдетүү максатында техникалык жактан жабдуу уланаарын айта кетти.

Жолугушуунун аягында коомдук коопсуздукту камсыздоодо жана кылмыштуулук менен күрөшүүдө көрсөткөн кесиптик күжүрмөн эмгектери үчүн Бишкек ШИИББдин өздүк курамынын кызматкерлерине ыраазычылыгынын билдирди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 91 − = 88

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: