Мындан ары Бишкек шаарында митингтерди өткөрүүгө тыюу салынды. Биринчи Май райондук соту Бишкек шаарынын бир катар борбордук аймактарында нааразычылык акцияларды уюштурууга үч айлык мөөнөткө чектөө киргизди. Соттун чечимине ылайык, 27-июлдан 20-октябрга чейин Ала-Тоо аянтында, Ак үй, Өкмөт үйү жана Борбордук шайлоо комиссиясынын алдында, Биринчи Май райондук сотунун жанында расмий маданий-массалык иш-чаралардан башка саясий акцияларды, жыйындарды өткөрүүгө уруксат берилбейт деп Биринчи Май райондук сотунун расмий өкүлү Алина Муканбетова билдирди.
Булак: “NEXT TV Kyrgyzstan“
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ