Ырас, Өкмөткө караштуу мамлекеттик каттоо кызматына жаңы анан жаш жетекчи болуп келген Дастан Догоев тууралуу жаман айткыбыз келбейт. Бирок, иш ыргагы деген жаңы, анан эски жетекчинин ыгына карап токтоп турбайт да. Маселен, жаңы берилип жаткан биометрикалык паспорттор боюнча бир топ кайчы пикир айтылып жатса дагы тиешелүү тармактын жетекчилиги бир ооз тактоо ирээтинде пикир билдире элек. Жаңы паспортко өткөндөр анын азабын тартып, армандарын социалдык түйүндөрдө төгүп атса да эч ким эч нерсе дей элек. Догоев болсо жаңы келген келинче олтурат, пикир билдирип койгонго жарабай. Дастан мырза элге чыгып, эмне болгон паспорт, эмне үчүн бул паспортту окуй турган аппараттар али жок, эмнеге толук кандуудаяр болбой туруп бул жолго бут салып алдык (?) деген өңдүү суроолорго жооп айтыңыз..
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ