Menu

Талапкер Жунусов Руслан мамлекеттик тил сынагынан кулап калды

Бөлүшүү:

Президенттикке талапкер Руслан Жунусов бүгүн мамлекеттик тил сынагынан кулады. Бул тууралуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия маалымат сайтына жарыялады.

Тестирлөө жайына кирген талапкер Джунусов Руслан Эшимбекович сынактан 46,1 гана балл алган. Талапкер Р.Джунусов талапка ылайык балл топтой албагандыгына байланыштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын сертификаты эмес, канча балл топтой алгандыгын билдирген маалым кат гана берилет.

“Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкерлердин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча тестирлөө өткөрүүнүн эрежелери жөнүндө ЖободоЭгерде талапкер тест боюнча зарыл болгон жалпы баллды топтой алса (бардык субтесттердин суммасынын 60%ынан ашса) ага В2 (“Ортодон жогору”) деңгээлде мамлекеттик тилди билээрин ырастаган Улуттук комиссиянын сертификаты берилет. Эгерде талапкер 100%дын ичинен 60%дан аз балл топтосо, ага субтесттер боюнча алган баллы көрсөтүлгөн маалымкат берилет” деп белгиленген” – деп билдирет тил комиссиясы.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 83 − = 75

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: